Биз менен байланышыңыз

Ошто «Крутой» аталышындагы рейд жүрүп, мас абалында 3 айдоочу кармалды

Кыска кабар | 28 Янв 2020 | 777 | 0

Ош шаарында 27-январдан тартып Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн атайын иш мерчемине ылайык «Крутой» деген аталыштагы рейд башталды. Анын максаты жол кыймылынын эрежелерин, унааларга карата коюлган талаптарды бузуп айдаган айдоочуларды аныктоо, жол кырсыктарынын алдын алуу болуп саналат. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

Рейддин биринчи күнүндө жол эрежесин бузган 155 айдоочуга протоколдор түзүлүп, жазалар салынып, 15 автомашина атайын автоунаа токтотуучу жайга киргизилди. Айдоо күбөлүгү жок 4, техникалык паспорту жок 5, мамлекеттик номери жок 1 унаа кармалды.

Ошондой эле мас абалында 3 айдоочу кармалды.

Алар: «Хонда-Жаз» үлгүсүндөгү 02-213 мамлекеттик номерлүү унаанын айдоочусу Мамырова Айнура, «Мерседес» үлгүсүндөгү 08-268 мамлекеттик номерлүү унаанын айдоочусу Ниязалиев Медербек, «Хонда-Портер» үлгүсүндөгү 06-8860 мамлекеттик номерлүү унаанын айдоочусу Курбандык уулу Баяман.

Мас абалында рулга отурган айдоочулар атайын медициналык кароодон өтүп, Бузуулар жөнүндөгү кодексинин 128.1 беренесине ылайык жазага тартылды.

Copyright © 2017 Maral FM