Биз менен байланышыңыз

Индияда коронавирустун рекорддук саны катталды

Дүйнө , Кыска кабар | 28 Мар 2021 | 1263 | 0

Индияда коронавирус менен ооругандардын саны өсүүдө, 62,7 миң бейтап аныкталып, акыркы беш айдагы рекорддук көрсөткүч катары катталды. Бул тууралуу Индиянын Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына таянып эл аралык басылмалар жазды.

Индия коронавируска чалдыккандардын саны боюнча дүйнөдө үчүнчү орунда турат. Өлкөдө COVID-19 менен жалпысынан 11,97 миллион учур катталды. Ошол эле учурда 11,32 миллиондон ашык адам ооруну жеңип, болжол менен 486 миң адам дарылануусун улантууда. Ал эми 161 миң адам коронавирустан улам көз жумган.

Вирусту эң көп жугузгандар Махараштра штатына туура келет. Анда акыркы суткада коронавирустун 35,7 миң жаңы учуру аныкталган.

Буга чейин бийлик коронавирус көбөйгөндүктөн, түнкү коменданттык саат киргизген. Штаттагы бардык соода борборлору кечки саат 8: 00дөн таңкы 7: 00гө чейин жабык болот жана бештен ашык кишинин чогулушуна тыюу салынган. Жобону бузгандар 1 миң рупий айыппул төлөйт, беткапсыз жүргөндөргө 500 рупий айыппул салынат.

Copyright © 2017 Maral FM