Биз менен байланышыңыз

Суракматов: Пневмонияга чалдыккандар тездик менен көбөйүп жатат

Кыска кабар | 8 Июл 2020 | 736 | 0

Борбор калаада өпкөнү сезгенткен ооруга чалдыккандардын саны тездик менен өсүп жатат. Бул туурасында Бишкек шаарын мэри Азиз Суракматов брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, калаада коронавирус жуктургандардын саны 3 617 адамга жетти. Бул республика боюнча ооругандардын 42 пайызын түзөт. Шаардын жака белиндеги конуштарда да кырдаал начарлап, 680 киши COVID-19 менен алышууда.

Экономикалык ишмердүүлүктү жанданткандан кийин кырдаал оорлошо баштады. Пневмонияга чалдыккандардын саны тездик менен өсүп, соңку жылдарга салыштырмалуу бир нече эсеге көп катталууда. Көпчүлүк бейтаптар коронавирус аныкталганга чейин эле келип жатат. Бирок өлкөнүн дарыгерлери жана башкы пульмонологу бул коронавирус экендигин айтууда. Мындай дарттын өсүү динамикасы шаар тургундарына коркунуч жаратат, — деди мэр.

Ошондой эле бүгүнкү күндө шаарда тогуз күндүзгү стационар ачылып, иштеп жатканын кошумчалады.

Мындан сырткары, өкмөтүнүн тапшырмасы менен, борбордо коронавирус инфекциясы жана пневмония менен ооругандар үчүн кошумча койка-орундуктар ачылган:

  • «Континенталь» мейманканасы, дареги: Интергельпо көчөсү, 1225 койка-орун;
  • Каниметов атындагы №1 интернат, дареги: Жибек-Жолу көч.625, 120 койка-орун;
  • Көзү азиз жана дүлөйлөрдүн атайын орто билим берүү мектеп-интернаты, дареги: Кулатов көч. 37, 80 койка-орун;
  • «Discovery» мейманканасы, дареги: Оренбургский 31, 48 койка-орун;
  • Доктор Назаралиевдин медициналык борбору: 60 койка-орун;
  • И.Ахунбаев атындагы Кыргыз Улуттук Медициналык Академиясы, 300 койка-орун;
  • Обсервация үчүн «Дордой» ассоциациясы тарабынан курулган медресе же “Ынтымак” жаңы конушундагы госпиталь — 150 орун.

Copyright © 2017 Maral FM