Биз менен байланышыңыз

«Унаа» мамлекеттик ишканасы көрсөткөн кызматтардын баалары

Кыска кабар | 24 Авг 2021 | 1047 | 0

Коррупцияны жоюу жана ишти айкын жүргүзүү максатында Санариптик өнүктүрүү министрлиги «Унаа» мамлекеттик ишканасы көрсөтө турган кызматтардын расмий бааларын жарыялады.

Документтерди, каттоо номерлерин берүү менен унааларга болгон укукту каттоо (кайра каттоо) кызматтарынын наркы:

  • «Унаа» мекемесинин аймагынан унааны кароо – 141 сом;
  • Унаанын жайгашкан жеринде кароо – 140 сом (жол киреге чыгымды эске албаганда);
  • Авто жана технологиялык машиналар жана жабдуулар боюнча маалымат базасын түзүү – 141 сом;
  • Мамлекеттик номер менен камсыз кылуу – 141 сом;
  • Күбөлөндүрүүчү документти берүү менен транспорт каражатын каттоо (кайра каттоо) – 141 сом;
  • Күбөлөндүрүүчү документтерди берүү менен технологиялык машинаны каттоо (кайра каттоо) – 121 сом;

Технологиялык машиналарды башкаруу үчүн трактористтин күбөлүгүн берүү боюнча кызматтардын наркы:

  • Трактор айдоочунун күбөлүгүн каттоо жана берүү – 135 сом;
  • Унаалар жана айдоочулук күбөлүктөр тууралуу маалыматты тастыктоо – 142 сом;
  • Транспорт каражаттарын айдоо үчүн айдоочулук күбөлүк берүү боюнча кызматтардын баасы — 141 сом.

Атайын бланк продукцияларынын баасы:

  • Транспорт каражатын каттоо жөнүндө күбөлүк – 192 сом;
  • Улуттук үлгүдөгү айдоочулук күбөлүк – 100, 86 сом;
  • Эл аралык үлгүдөгү айдоочулук күбөлүк – 52 сом;
  • Техникалык паспорт – 43 сом;
  • Унаага мамлекеттик номер белгинин баасы – 650 сом;
  • Технологиялык машиналарга мамлекеттик номер белгинин баасы  – 325 сом;
  • Персонификация кызматынын баасы- 255 сом.

Эске салсак, баалар банк кызматы эсептелбестен көрсөтүлгөн.

Copyright © 2017 Maral FM