Биз менен байланышыңыз

Бүгүн «Унаа» ишканасынын Аламүдүн райондук бөлүмү иштебейт

Кыска кабар | 28 мая 2021 | 709 | 0

Бүгүн, 28-майда «Унаа» ишканасынын Аламүдүн райондук бөлүмү иштебейт. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Төмөнкү Ала-Арча айылында электр берүү линияларында оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу Төмөнкү Ала-Арча айылы Школьная, 7а дарегинде жайгашкан «Унаа» мамлекеттик мекемесинин Аламүдүн райондук бөлүмү иштебейт.

Транспорт каражаттарын каттоо боюнча мамлекеттик кызмат Бишкек шаары Валиханов көчөсү 2, дарегинде жайгашкан АвтоКТБда жеткиликтүү болот.

Каттоо кызматы жарандардан жаралган ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт.

Copyright © 2017 Maral FM