Биз менен байланышыңыз

Жаңы жарандык паспорттордун болжолдуу баасы айтылды

Кыска кабар , Маек | 21 Апр 2021 | 13069 | 0

Жаңы үлгүдөгү жалпы жарандык паспорттордун кечигүүсүнөн улам өкмөт башчы Улукбек Марипов Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Акын Мамбеталиевге сөгүш жарыялап, анын орун басары Тилек Батыркановду кызматтан кетирген. Андан соң өкмөт жаңы жарандык паспортторду 1-майга чейин киргизүү талабын койгон. Өлкөдө паспорт кризиси жаралып, көптөгөн жарандар паспортту күтүүгө туура келген. Май айынын келишине саналуу гана күндөр калды. Мындан улам жарандык паспортторду даярдоо кандай жүрүп жатканын билүү максатында Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Акын Мамбеталиевге суроо салдык. 

— Акын мырза, буга чейин жаңы жарандык паспортторду 1-майга чейин киргизүү талабын коюлган болчу. Учурда даярдыктар кандай жүрүп жатат?

— Иштер план боюнча эле кетип жатат. Буйруса, май айынын башында анкеталарды кабыл алганга даярданып жатабыз. Адистер чет өлкөдөн келип жумушту бүтүрүп, 1-2 күндөн кийин кайра учуп кетишет. Токтом долбоорлору да кабыл алынган. Азыркы учурда паспорттордун баалары да бекитилди. Банктар менен келишимдер түзүлүп жатат. Жаңы паспортту майдан баштап берүү боюнча иш алып барып жатабыз.

— Жаңы үлгүдөгү паспорттордун баасы канча сом болуп бекитилди?

— 34 барактуу 1 жарым млн даана паспорт жасоо боюнча келишим 3 жылга түзүлгөн. 50 барактуу паспорттон 70 миң даана каралган. 50 барактуу паспорттун баасы 920 сом болот, бул жерде банктык алым (комиссия) эсептелбеген. Аны эсептегенде үстүнө 20-30 сом кошулат. Ал эми 34 барактуусу 857 сом, бул да банктык алым кошулбагандагы баа.

— 34 барактуу паспорт менен 50 барактуу паспорттун кандай айырмасы бар? Жарандар өз каалоосуна жараша тандап алабы? 

— Экөө бирдей эле. 50 барактуу паспорттор чет өлкөгө көп чыккандар үчүн. «Визалар көп болуп, бат-баттан толуп калып жатат» дегендер үчүн. А 34 барактуусу болсо, мурдагыдай эле 2006-жылы чыккан жалпы жарандык паспорт сыяктуу. Кааласа ошондойдон деле алса боло берет.

— Ошондо 1-майдан тарта күтүп жаткан жарандар паспортторду мурдагыдай эле тартипте ала баштайбы?

— Кабыл алынса эле беребиз деген нерсе жок. 1-майдан кабыл алып баштайбыз. Андан соң регламент боюнча 18 күндүн ичинде даярдайбыз. Он сегиз күндөн кийин анан жарандарга берип, таратып баштайбыз. Ошондо 18-майдан ары берилип баштайт десек болот.

Copyright © 2017 Maral FM