Биз менен байланышыңыз

Жалпы жарандык паспорт үчүн 5 миңден ашык жаран кайрылды

Кыска кабар | 6 мая 2021 | 696 | 1

Жалпы жарандык биометрикалык паспорт алуу үчүн 5 миңден ашык жаран арыз тапшырды. Бул туууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 3-майдан баштап калкты тейлөө борборлорунда Жалпы жарандык биометрикалык паспорт берүү үчүн документтерди кабыл ала баштады.

Эки күндүн ичинде КР жаранынын 2020-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспортко (e-Паспорт) 5 миң 145 арыздын бланктары кабыл алынып жана катталды.

Биометрикалык паспортун персонификациялоо процесси анкета толтурулган күндөн тартып 18 жумуш күндүн ичинде жүргүзүлөт. Анын кадимки баасы 885 сомду түзөт, жарандын жеке маалыматтары өзгөргөн учурларда кымбатыраак. Учурда е-Паспортту акы төлөнүүчү негизде тез арада өндүрүү мүмкүнчүлүгү жок. Жаңы паспортторду шашылыш каттоо кызматын ушул жылдын май айынын аягында баштоо пландалууда.

Бирок Кыргызстандын чегинен чыгууга муктаж болгон жана шашылыш чет элдик паспортко муктаж болгон жарандар 2006-жылкы үлгүдөгү жалпы жарандык паспортту алуу үчүн кайрыла алышат. Жаңы документтин пайда болушу эски паспорттун жараксыз болуп калышына себеп болбойт.

Жаңы жарандык паспорттордун болжолдуу баасы айтылды

1 пикир

1 пикир

  1. Дилфуза

    12.01.2022 02:22

    Саламатсыздарбы менин жылым 1991 мен дасикпор паспорт алалбай жатам сураныч жардам берип койунуздарчы метиркаман башка эч кандай документим жок озум кывартирада жашайм

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM