Биз менен байланышыңыз

УКМК: Мамкаттоонун мурдагы 3 кызматкери айыппул төлөөгө милдеттендирилди

Кыска кабар | 20 Янв 2020 | 753 | 0

Жаңы муундагы биометрикалык паспортторду даярдоодо бланктарды сатып алуу боюнча өткөрүлгөн тендерде коррупцияга шектелген Мамлекеттик каттоо кызматынын мурунку cтатс-секретары Данияр Бакчиев,  төраганын орун басары Руслан Сарыбаев  жана “Инфоком” мамлекеттик ишканасынын мурунку башчысы Талант Абдуллаевге  карата Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту тарабынан өкүм чыгарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук кызматынан билдиришти.

Тергөө аталган кызматкерлер “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” мыйзамды бузуп, мамлекеттин эсебинен жеке өздөрүнө материалдык пайда көрүү үчүн шарттарды түзгөнүн аныктады.

Жыйынтыгында, Мамлекеттик каттоо кызматынын кызматкерлери Кылмыш-жаза кодексинин «Коррупция» беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, жумшартуу шарттарын эске алуу менен төраганын мурунку орун басары жана “Инфокомдун” мурунку жетекчиси ар бири 270 миң сомдон, ал эми статс-катчысы Данияр Бакчиев 230 миң сом мамлекетке айып төлөөгө милдеттендирилди.

Аталган кызматкерлерге карата өкүм чыгарууда сот айыпталуучулардын кылмышты тергөөдө жана айкындоого багытталган келишимдин бардык шарттарын жана милдеттенмелерин так сактагандыгын, жана ошондой эле күнөөлөрүн толугу менен мойнуна алып, өкүнгөндүгүн эске алды.

Белгилей кетсек, сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Мамлекеттик каттоо кызматынын мурунку төрайымы А.К.Шаикова коррупция боюнча айыпталып, азыркы учурда эл аралык издөөдө.

Учурда биометрикалык паспортторду даярдоодо бланктарды сатып алуудагы тендердеги коррупция фактысы боюнча бардык катыштыгы бар адамдарды аныктоо жана жоопко тартуу багытында тергөө иштери уланууда.

Copyright © 2017 Maral FM