Биз менен байланышыңыз

Каттоо кызматы 2020-жылы ишке ашырчу долбоорлор

Коом , Кыска кабар | 19 Дек 2019 | 1252 | 0

Быйыл Мамлекеттик каттоо кызматы быйыл 5 тейлөө борборун ачты. Ошондой эле айдоочулук күбөлүк менен транспорт каражаттарын каттоо күбөлүгүн да жаңы үлгүгө алмаштырууга жетишти. Натыйжада, документтердин баалары бир топ арзандаганы айтылды. Мекеме алдыда тейлөө борборлорунун санын көбөйтүүнү пландап жатат. Мындан сырткары, Маалыматтарды санариптештирүү борбору түзөлөт. Ага 29 млн сом каралган.


2019-жылы өлкө аймагында калкты тейлөөчү 5 борбор ачылды. Учурда республика боюнча жалпы 24 борбор иштеп жатат. Эми 2020-жылы дагы 10 калкты тейлөө борборун ачуу пландалууда. Алар Кочкор, Сузак, Лейлек, Панфилов райондорунда жана Ысык-Көл облусунда ачылат. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Алмаз Мамбетов билдирди. Ал буга кошумча Бишкек шаарында автодром куруу үчүн жер табылганын да маалымдады:  

Бишкектин батыш тарабына автодром курулат. Автодром уникалдуу болот. Аны жасалма интеллект менен куруу пландалууда. Айдоочулук күбөлүк алууда тапшырылуучу сынактарда нускоочу (инструктор) болбойт. Камералар менен жабдылган унаа, ошондой эле, шаардын жолдоруна окшоштурулган аянтча болот. Ал жерлерге да камералар орнотулат. Эгерде долбоор ишин ийгиликтүү улантып кетсе, анда өлкөнүн башка аймактарына да салынат.

Бул жылдын эсебинен «Электрондук кызмат көрсөтүүлөр порталында» “CarCheck» тейлөөсү ишке кирди. Натыйжада, номур аркылуу транспорт каражаттары тууралуу маалыматтарды онлайн режимде көзөмөлдөөгө шарт түзүлдү.

Эми алдыда архивдеги кагаз документтерди санариптештирүү максатында толук кандуу орган түзүү пландалууда. Маалыматтарды санариптештирүү борборун түзүүгө өлкө казынасынан 29 миллион сомдон ашык каражат бөлүнөт. Борборго ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды кызматка алуу каралууда.

«Инфоком» мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Рыскулбек Осмоналиев Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылына карата жасалган иштер тууралуу төмөнкүлөргө токтолду:

— Кадр кызматы менен «e-Kyzmat» сервисин ишке киргиздик, толук иштеп жатат. Буга кошумча инвестициялык картаны ишке киргиздик. Инвесторлор мурдагыдай Кыргызстанга келип убара болбой, өз өлкөсүндө туруп эле шарттар менен тааныша алат. Андан тышкары, социалдык паспорттор чыкты. Социалдык жактан муктаж жарандар буга чейин маалымат баракчаларын чогултуп келишкен. Эми анын баарын электрондук форматка өткөрдүк. Демек, жөлөкпул алуучу жаран паспортун эле көрсөтөт. Тийиштүү документтерди «Түндүк» системасы аркылуу алууга шарт түзүп бердик. 2020-жылы «Санарип аймакты» ар бир айыл өкмөт, ар бир айылга ишке киргизебиз. Натыйжада, жарандар маалыматтарды айыл өкмөттөргө барып кагаз түрүндө албастан, электрондук түрдө алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. 

Осмоналиев белгилегендей, учурда мамлекеттик органдар арасында электрондук документ алмашуу системасын ишке киргизүү багытында жумуштар жасалууда. Бүгүнкү күнгө карата «INFODOCS» системасы 53 мекемеде киргизилди.

Мамлекеттик каттоо кызматы 2021-жылдан тарта биометрикалык жалпы жарандык паспортторду бере баштайт. Паспорт берүү маселеси тендер боюнча соттошуудан улам кечиктирилүүдө. Бул көйгөйгө жыл соңуна чейин чекит коюлат.

Мындан сырткары, өлкөдө мыйзамсыз паспорт жасаган учурлар көп кездешет. Калкты жана элдик актыларды каттоо департаментинин жетекчиси Мухабат Пратова анын себебин паспорт берүү системасынын эскиргендиги менен байланыштырды. Анын айтымында, учурда биометрикалык маалыматтарды тапшырбай туруп паспорт алууга болбойт.

 — Маселен, 1994-жылкы үлгүдөгү паспорттор форма 1 документинин негизинде берилген. Анда паспорт ээси жок болсо да бериле берчү. 2004-жылы ID-паспортторду сүрөт жөнөтүп, бирок жарандын катышуусусуз алууга мүмкүн болчу. Ал эми азыркы тапта паспорт алуучу адамдын өзү келиши шарт. Мындан сырткары, системага кирүү үчүн кызматкерлер биометрикалык маалыматтарды колдонот. Мунун менен биз ал кызматтын кандай иштерди жасаганын дароо биле алабыз.

9-декабрдан бери жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүк алууга 10 миңдей арыз түшкөн. Учурда 4 миң айдоочуга документтин жаңы үлгүсү берилди. «Унаа» мамлекеттик ишканасынын директору Алымжан Козубаев күбөлүктөрдүн баасы дээрлик 90%га арзандаганын кабарлады.  

— Күбөлүктөрдү «Инфоком» мамлекеттик ишканасы берет. Төрт күн ичинде жасалып, даяр болгон айдоочулук күбөлүк почта аркылуу жеткирилет. Андан тышкары, күбөлүк даяр болгондо документин калтырып кеткен жаранга телефондон билдирүү жөнөтүлөт. Транспорт каражатын каттоо күбөлүгүнүн да жаңы үлгүлөрү жасалды. Алардын баасы 770 сомдон 192 сомго түштү. Башкача айтканда, 75%га арзандады.

Буга чейин «Коопсуз шаар» камераларына унаасына жасалма мамлекеттик номерди тагып, жол эрежесин бузган жаран сүрөткө түшүп калган. Айрым ММКлар жасалма номер таккан айдоочу Каттоо кызматынын төрагасы Алмаз Мамбетов болушу мүмкүн деп жазып чыгышкан. Мамбетов бул окуя боюнча айрым жалпыга маалымдоо каражаттарын сотко берерин билдирди. Ал эми маалыматтар Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын Мониторинг борборунан чыкканын төмөнкүчө айтып өттү:  

— «Кактус медиа» менен соттошобуз. Учурда башка маалымат агенттиктерин карап жатабыз. Жеке адам катары сотко беребиз. Аны менен бирге ал унаада ким отурганы эмес, жеке маалыматты ким чыгарганы маанилүү. Бүгүн ал мага катыштуу болсо, эртең башкалар тууралуу болот. Андан кийин маалыматтар сатылып, шантаж башталып, акырындап бизнеске айланат. Аны башынан эле токтотуу керек. Жеке маалыматтардын жайылышы менен мыйзам бузулууда. Мындай учурлар болбошу керек. Ал жердеги камералар аркылуу сүрөттөрдү көчүрүп, сүрөткө тартып алган адамдарды таптык.

Кошумчалай кетсек, Кыргызстанда 600 миңге жакын жаран биометрикалык маалыматтарын тапшыра элек. Алардын басымдуу бөлүгү чет өлкөгө чыгып кеткен жарандар.

Copyright © 2017 Maral FM