Биз менен байланышыңыз

Мамбетов: Шайлоодо мыйзам бузууга жол бербешибиз керек

Кыска кабар | 27 Окт 2021 | 367 | 0

26-октябрда Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов президент Садыр Жапаров шайлоону калыс өткөрүүгө жана административдик ресурс колдонбоо боюнча талаптарды коюп, тапшырма бергенин эскертип, парламенттик шайлоого даярдык көрүү боюнча штабдын жыйынын өткөрдү.

Анда ал мыйзам бузууга жол берилбеши керектигин айтты.

«Мекеме-ишканалардын жетекчилерин, кызматкерлерди, айтор бардык мамлекеттик ишканаларды шайлоого аралашпай, өз кызматтарын кылууга чакырам. Ошондой эле, муниципалдык аймактык башкармалыктардын, кварталдык жана үй комитеттеринин кызматкерлерине көзөмөл жүргүзүлсүн. Мурунку өткөн шайлоодогу катачылыктар, жеке кызыкчылыктар менен акча тапкандар боюнча бардык маалыматтар бар. Бул ирет ага жол берилбейт. Жакынкы күндөрү муниципалдык аймактык башкармалыктардын башчылары ротацияланат«, — деди Мамбетов.

Мындан тышкары билим берүү, саламаттыкты сактоо мекемелеринин башчыларына, кызматкерлерине түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырмасы берилди.

Белгилей кетсек, Ош шаарында жалпысынан 78 шайлоо тилкеси бар. Ош округунда 110 миң 685 шайлоочу катталган.

Copyright © 2017 Maral FM