Биз менен байланышыңыз

Эгемендиктин 30 жылдыгына карата Оштун борбордук аянтындагы туу жаңыланды

Кыска кабар | 27 Авг 2021 | 490 | 0

Эгемендиктин 30 жылдыгына карата Ош шаарындагы бардык мамлекеттик жана муниципалдык мекемелерде илинип турган мамлекеттик атрибуттарды алмаштыруу иштери жүрүп жатат. Анын алкагында бүгүн, 27-августта Ош шаарынын борбордук аянтында мамлекеттик желекти жаңыртуу боюнча салтанаттуу иш-чара болуп өттү.

Ага Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов, президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов, легендарлуу парламенттин депутаттары, Ош гарнизонунун аскер кызматкерлери, шаар тургундары жана мамлекеттик жана муниципалдык мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө Ош гарнизонунун аскер кызматкерлери Ош шаарынын борбордук аянтында жайгашкан мамлекеттик желекти жаңылашты.

Аянттагы туу түркүк 2009-жылы орнотулган. Түркүктүн бийиктиги 42 метр, л эми туунун туурасы 10, узуну 15 метр.

Copyright © 2017 Maral FM