Биз менен байланышыңыз

Мамбетов: Ошто таза суу маселесин чечүүнү жазда баштайбыз (видео)

Кыска кабар | 28 Сен 2021 | 764 | 0

Ош шарында таза суу маселесин чечүү — негизги максатыбыз. Мындай пикирин бүгүн, 28- сентябрда Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов шаардык кеңештин кезектеги III сессиясында депуттаттардын суроосуна жооп берип жатып билдирди.

Анын айтымында, таза суу маселесин чечүү үчүн каражат маселеси чечилди.

«Таза суу маселесин чечүүнү келе жаткан жазда баштайбыз. Сөз түрүндө, кагаз түрүндө эмес, иш жүзүндө башталашы керек. Аталган маселени күн жылыса, март-апрель айларында чечүүнү пландап жатабыз. Азыр биз чала-була эмес, кылдаттык менен чечим кабыл алып маселени түп тамырынан чечели деп жатабыз. Акча каражатын чечүү боюнча президент Садыр Жапаров менен дагы сүйлөшүлдү. Аны менен бирге Азия өнүктүрүү банкы менен да сүйлөшүүлөр жүрүп жатат», — деди Мамбетов.

Ошондой эле ал таза суу маселесин чечүүнүн эки жолу каралып жатканын кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM