Биз менен байланышыңыз

Жалпы жарандык паспортту 3 саатта ала аласыз (баалар)

Кыска кабар | 31 мая 2021 | 3972 | 1

Шашылыш режимде 2020-жылдын үлгүсүндөгү Кыргызстандын жалпы жарандык паспортун үч саат, 2 күн, 4 күн жана 8 күндүн ичинде алууга болот. Кызмат көрсөтүүлөрдүн наркы айырмаланат.

2020-жылдын үлгүсүндөгү 34 барактуу жалпы жарандык паспорттун баасы:

  • 8 күн — банктын комиссиясы менен 2 300 сом.
  • 4 күн — банктын комиссиясы менен 2 665 сом.
  • 2 күн — банктын комиссиясы менен 3 010 сом.
  • 3 саат — банктын комиссиясы менен 6 475 сом.

Атын жана улутун өзгөрткөндө:

  • 8 күн — банктын комиссиясы менен 2 400 сом.
  • 4 күн — банктын комиссиясы менен 2 765 сом.
  • 2 күн — банктын комиссиясы менен 3 110 сом.
  • 3 саат — банктын комиссиясы менен 6 575 сом.

Мамлекеттик алымды төлөгөндүктөн, бул кызмат 100 сомго кымбаттады.

Жоголгон жана жараксыз паспортту алмаштыруу

  • 8 күн — банктын комиссиясы жана мамлекеттик алым менен 2 500 сом.
  • 4 күн — банктын комиссиясы жана мамлекеттик алым менен 2 865 сом.
  • 2 күн — банктын комиссиясы жана мамлекеттик алым менен 3 210 сом.
  • 3 саат — банктын комиссиясы жана мамлекеттик алым менен 6 675 сом.

Жаңы муундагы паспорт Эл аралык жарандык авиация уюмунун (ИКАО) стандарттарына жооп берет. Аны 30дан ашык заманбап коопсуздук элементтери коргойт, когнитивдик басып чыгаруу жана басмалар, суу белгилери, голограммалар, коргоочу жиптер, заманбап материалдар колдонулган. Лазердик технологиянын ыкмасы менен колдонулган жеке маалыматтары бар электрондук чип (түстүү фотосүрөт, эки колдун папиллярдык оюмдарынын графикалык түзүлүшү) паспорттун негизги коргоосу болуп саналат.

Документтерди каттоо жана биометрикалык паспортторду берүү жашаган жерине карабастан каалаган калкты тейлөө борборунда жүргүзүлөт. Даярдоо убактысы — 18 иш күнү. Паспорт 10 жылга жарактуу. Паспорттун баасы 885 сомду түзөт.

Copyright © 2017 Maral FM