Биз менен байланышыңыз

Эми жалпы жарандык паспорт 12 күндүн ичинде берилет

Кыска кабар | 11 Мар 2020 | 699 | 0

Мамлекеттик каттоо кызматы жалпы жарандык паспортторду даярдоо жана берүүнүн мөөнөтүн убактылуу кыскартты. Мурда паспорт алуу боюнча арыз тапшырылгандан кийин 18 иш күнүндө даяр болсо, эми 12 күндүн ичинде даяр болот.

Коронавирустун жайылышына байланыштуу ушул жылдын 1-мартынан тарта Кыргызстандын чек арасынан ID-карта менен өтүүгө убактылуу тыюу салынгандыгына байланыштуу, паспортту даярдоо жана берүү күндөрү 6 күнгө кыскартылган. Ошол эле учурда баасы өзгөрүлбөстөн калтырылган.

Ошондой эле, паспорт алуучулардын ар кандай маселелерге кабылбоосу үчүн, калкты тейлөө борборлору күнү-түнү иштеп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM