Биз менен байланышыңыз

«300 миңдей жаран биометрикалык маалыматын тапшырган эмес»

Кыска кабар , Пикирлер | 11 Мар 2021 | 706 | 0

300 миңдей жаран биометрикалык маалыматын тапшырган эмес. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Акын Мамбеталиев «Маралга» берген маегинде билдирди.

Ал алдыдагы шайлоолорго байланыштуу жарандарды биометрикалык маалыматтарын тапшырууга чакырды.

«Биометрикалык каттоодон өтпөгөндөр каттоодон өтүшсө. Бул багытта 13 атайын унаа иштеп жатат. Мындан сырткары шайлоо келе электе кайсыл аймакта каттоодо турганыңыздарды тактап алсаңыздар. Бир имаратка ондон ашык жаран каттоого турса, ИИМге, БШКга жана жергиликтүү бийликке маалымат беребиз», — дейт Мамбеталиев.

Анын айтымында, биометрикалык каттоодон өтпөгөндөрдүн басымдуу бөлүгүн сыртка чыгып кеткендер, башка өлкөнүн жарандыгын алгандар түзөт.

Жарандардын биометрикалык каттоодон өтүшүн камсыздоо максатында бардык шарттар түзүлүүдө.

Төрага кошумчалагандай, Мамлекеттик каттоо кызматы алдыда аскердик билет, эмгек китепчелеринин да электрондук форматын иштеп чыгууну пландаштырууда.

Copyright © 2017 Maral FM