Биз менен байланышыңыз

«Өкмөттөгү өзгөрүүлөр Каттоо кызматына оң таасир этти»

Кыска кабар , Пикирлер | 11 Мар 2021 | 749 | 0

Өкмөттүн түзүмүнүн өзгөрүшү Мамлекеттик каттоо кызматына оң таасир берди. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Акын Мамбеталиев «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Каттоо кызматынын Юстиция министрлигинин карамагына өтүшү туура кадам болду. Анткени эки мекеменин тең көрсөткөн кызматы шайкеш.

«Мурда деле биздин кызматтын саясатын Юстиция министрилиги алып барчу. Азыр бизге андан да көп көмөк көрсөтүп жатышат. Санариптештирүү багытында долбоорлорубуз аябай көп. Биргеликте иштеп, жакшы пландар бар. Каттоо кызматынын мурдагы ыйгарым укуктары толук сакталып калды. Азыркы учурда жоболор такталууда, алдыда түзүмдүк маселелер чечилет», — дейт Мамбеталиев.

Copyright © 2017 Maral FM