Биз менен байланышыңыз

«Жаңы жарандык паспорттун 30дан ашык коопсуздук элементи бар»

Кыска кабар , Пикирлер | 11 Мар 2021 | 717 | 0

Жаңы үлгүдөгү жалпы жарандык паспорттун коргоо элементтери күчөтүлгөн. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Акын Мамбеталиев «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, жаңы паспорттун 30дан ашык коопсуздук элементи бар. Документке жарандын биометрикалык маалыматтары жайгаштырылат.

«Муну менен эл аралык талаптар 90%га аткарылат. Калкты тейлөө борборлорунда жарандардын манжа издери, бет түзүлүшү, эски паспорттогу маалыматтары бар. Система жарандын биометрикасын автоматтык түрдө далилдейт. Андан соң гана жаранга мыйзамда көрсөтүлгөн убакытта паспорт берилет», — дейт Мамбеталиев.

Ал белгилегендей, жаңы үлгүдөгү паспорттун коопсуздугу боюнча эл аралык аудит өткөрүү пландалууда.

Copyright © 2017 Maral FM