Биз менен байланышыңыз

«Документтерди өз өлкөбүздө басып чыгаруу планыбыз бар»

Кыска кабар , Пикирлер | 11 Мар 2021 | 906 | 0

Мамлекеттик документтерди Кыргызстанда басып чыгарууга планыбыз бар. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Акын Мамбеталиев «Маралга» берген маегинде билдирди.

«Пландар бар, азырынча так маалымат айта албайм. Анткени учурда сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Улуттук коопсуздук үчүн бардык мамлекеттик документтерди өлкө аймагында өзүбүз басып чыгарсак туура болот. Ал үчүн мүмкүнчүлүктөр бар. Бюджеттен акча алып жасоого болот, буга аракет кылышыбыз керек», — дейт Мамбеталиев.

Анын айтымында, документтерде купуя сакталуусу керек болгон маалыматтар бар. Андыктан мамлекеттик документтер жергиликтүү адистер тарабынан жасалса, коопсуздугу жакшыраак. Маселен, 30 коргоо элементинин бешөөсүн эч ким билбеши керек.

Copyright © 2017 Maral FM