Биз менен байланышыңыз

Ошто суу каналдарынын кооптуу бөлүктөрүнө тосмо коюлат

Кыска кабар | 30 Июн 2021 | 925 | 0

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов тиешелүү жетекчилер менен жыйын өткөрүп, суу каналдарынын кооптуу бөлүктөрүн тосуу тапшырмасын берди. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Тосуу иштери шаарды аралап аккан «Яккалик» каналынын кооптуу бөлүктөрүнөн башталат. Ушул жылдын май айында Ош шаарынын аймагында жайкы сууга түшүү мезгилинде калктын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн атайын жумушчу топ түзүү боюнча мэрдин буйругу чыккан.

Ушул жылдын башында Южный кичи районунда «Араван — Ак-Буура» суу каналынын кооптуу бөлүгү тосулган. ЮНИСЕФ эл аралык жаш балдарды коргоо уюму тарабынан суу каналынын коркунуч туудурган жерлерин тосуу үчүн 7 500 долларлык (597 554,5 сом) курулуш материалы берилип, БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын атайын долбоорунун негизинде ишке ашкан.

Ош шаары аркылуу өтүүчү «Араван — Ак-Буура» суу каналынын кооптуу делген 900 метр бөлүгү толугу менен тосулуп бүттү.

Шаардык мэрия калган каналдардын кооптуу бөлүгүн тосууну улантат.

Copyright © 2017 Maral FM