Биз менен байланышыңыз

Паспортуна улут графасын кимдер жаздырды?

Кыска кабар , Пикирлер | 11 Мар 2021 | 1338 | 0

Паспортуна улут графасын жаздыргандардын басымдуу бөлүгү — башка улуттун өкүлдөрү. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Акын Мамбеталиев «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, 13 миң жаран паспортуна улут графасын жаздырган, алардын 8 миңи — башка улуттун өкүлдөрү.

Улут графасын көрсөтүү — жарандын өз эрки, кааласа көрсөтпөй коюуга укуктуу.

Мөөнөтү өтүп кеткен паспорт ээлери калкты тейлөө борборлоруна барып, мөөр бастырышы керек. Ал документтин жарактуулугун камсыздайт.

1-майга чейин мөөр басылган паспорт менен ЕАЭБ өлкөлөрүнө барууга болот.

«Паспорттун бланкалары жетишсиз болгондуктан, жалпы жарандык паспорт оорусуна, окуусуна байланыштуу чет жакка чыгуучуларга гана берилүүдө. Май айынан тарта жаңы үлгүдөгү жалпы жарандык паспортту берип баштайбыз», — дейт Мамбеталиев.

Copyright © 2017 Maral FM