Биз менен байланышыңыз

Быйыл төрт айда 251 миң ички паспорт даярдалды

Кыска кабар | 21 мая 2021 | 626 | 0

Быйыл 4 айда 251 миң 750 даана ички паспорт (eID ) даярдалды. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу эки эсе көп. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматы билдирди.

2020-жылы болгону 129 миң даана чыгарылган. Мындай көрсөткүчтөр пандемиянын башталышы жана өлкөдөгү өзгөчө абал жана өзгөчө кырдаалдардын киргизилиши менен байланыштуу.

Мындан тышкары жылдын башында 102 миң жалпы жарандык паспорт, дээрлик 46 миң туулгандыгы жөнүндө күбөлүк жана 16 миң нике күбөлүгү берилген.

Ошондой эле 4 айда калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин кызматкерлери тарабынан жалпысынан 23 миңден ашуун ажырашуу, аты-жөнүн өзгөртүү жана өлүм каттоо жүргүзүлдү.

Ушул жылдын январынан апрелине чейин калкты каттоо жана жарандык абалдын актылары жаатында 440 миң кызмат көрсөткөн.

Copyright © 2017 Maral FM