Биз менен байланышыңыз

Мамкаттоо “балага сүйүнчү” пулдарды бере баштады

Кыска кабар | 29 мая 2020 | 871 | 0

Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин аймактардагы бөлүмдөрү “балага сүйүнчү” жөлөк пулун берүү үчүн арыздарды кабыл ала баштады. Мекеме 21-майдан тартып иштеп баштаган.

Бул тууралуу Мамкаттоонун маалымат кызматы кабарлады.

Мекеме өлкөнүн айрым аймактарында өзгөчө абал киргизилгендигине байланыштуу өз ишин убактылуу токтоткон болчу.

Аргасыз изоляция учурунда, өзгөчө абал киргизилген аймактардагы ата-энелер жаңы төрөлгөн балдардын туулгандыгын каттоо жана бала төрөлгөндө «балага сүйүнчү» бир жолку төлөөсүн чектөө үчүн арыз менен өз убагында кайрыла алышкан эмес.

Буга байланыштуу, Мамлекеттик каттоо кызматы «балага сүйүнчү» бир жолку төлөөнү чектөөгө арыз, бала төрөлгөндө «балага сүйүнчү» бир жолку төлөөгө кайрылуунун жана чектөөнүн тартиби жөнүндө жободо көрсөтүлгөн мөөнөткө ылайык жана жогоруда көрсөтүлгөн шарттарды эске алуу менен кабыл алынаарын билдирет.

Ошентип, ЖААКККПнын бөлүмдөрү өзгөчө абал учурунда жашы 6 айга толгон балдардын ата-энелеринен «балага сүйүнчү» төлөмүн чектөө боюнча арызын эч кандай чектөөлөрсүз кабыл алышат.

Copyright © 2017 Maral FM