Биз менен байланышыңыз

Нарында Мамкаттоо кызматынын 6 кызматкери коронавирус жуктуруп алды

Кыска кабар | 21 мая 2020 | 984 | 0

Нарын облусунда Мамлекеттик каттоо кызматынын 6 кызматкери коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министринин орун басары, өлкөнүн башкы санитардык дарыгери Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Алардын ичинен Нарындагы Мамкаттоо кызматынын 6 кызматкери коронавируска кабылды. Кызматкерлердин баары медициналык көзөмөлгө алынып, тиешелүү дарылануудан өтө баштады, — дейт Үсөнбаев.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 1313кө жетти. Алардын ичинен 270и медицина кызматкери. Илдеттен 929 жаран айыкса, коронавирусту жуктурган 14 адам өмүрлөрү менен кош айтышты.

Copyright © 2017 Maral FM