Биз менен байланышыңыз

Былтыр 161,8 миң адам «балага сүйүнчү» жөлөкпулун алган

Кыска кабар | 12 мая 2020 | 672 | 0

2019-жылы бала төрөлгөндө берилүүчү бир жолку «балага сүйүнчү»  жөлөкпулун 161,8 миң адам алган. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, былтыркы жылдан бүгүнкү күнгө дейре 6 үй-бүлөдө төрөлгөн ар бир балага 50 миң сомдон бир жолку жөлөкпул берилген. Бул максатта республикалык бюджеттен 900 миң сом бөлүнгөн.

2019-жылдын 1-декабрынан тартып үй-бүлөдө үч, же андан көп бала төрөлгөн учурда ар бир балага 50 миң сом өлчөмүндө бир жолку жөлөкпул «балага сүйүнчү» дайындала баштаган.

2019-жылдын июль айынан тартып «балага сүйүнчү» бир жолку жөлөкпулун «бирдиктүү терезе» принциби боюнча берүүнүн жөнөкөйлөштүрүлгөн механизми ишке киргизилген. Мында арыз ээлери кайрылган жерине карабастан төлөмдү банктын каалаган филиалынан ала алат.

Кошумчалай кетсек, 2018-жылы 90,9 миң адам «балага сүйүнчү» бир жолку жөлөкпулун (4000 сом өлчөмүндө) алган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM