Биз менен байланышыңыз

«Балага сүйүнчү» алуучуларга жеңилдиктер каралууда

Коом , Кыска кабар | 26 Мар 2019 | 752 | 0

Жаңы төрөлгөн ымыркайга берилчү бир жолку «Балага сүйүнчү» акчалай төлөмүн алуучуларга жеңилдиктер каралууда. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

«Балага сүйүнчү» алуу үчүн талап кылынган документтерди жеңилдетүү боюнча Бишкек шаарындагы райондордо пилоттук долбоор жүргүзүлүп жатат. Пилоттук долбоордун негизинде арыз берүүчү мындан ары милдеттүү түрдө  банктык эсеп ачпайт. Арыз жазып тапшырган учурда өзүнө ыңгайлуу банкты тандап, «Балага сүйүнчү» акчалай төлөмүн 7 күндүн ичинде паспорту менен барып ала алат.

Пилоттук долбоор Сокулук, Аламүдүн жана Свердлов райондорунда жүргүзүлүп жатат.

Эске салсак, буга чейин «Балага сүйүнчү» акчалай төлөмүн алуу үчүн банктан атайын эсеп ачылчу. Мындай жагдай, жарандарга ыңгайсыздык жаратып келген.

Copyright © 2017 Maral FM