Биз менен байланышыңыз

Аты-жөнү шайлоо тизмесинен өчүрүлбөгөн маркумдардын чоо-жайы

Коом | 15 Янв 2021 | 1477 | 0

Биздин редакциябызга Кочкор районунун тургуну 5 жыл мурун каза болгон баласынын шайлоочулардын тизмесинен эмгиче чыгарылбаганына нааразы болуп кайрылды.

Кочкор районундагы Теңдик айылынын тургуну Гүлай Чотбаева 2016-жылы каза болгон баласын 2020-жылдын 4-октябрында өткөн парламенттик шайлоодо добуш берүүчүлөрдүн тизмесинен көргөн. Ошондой эле 5 күн мурун өткөн президенттик шайлоодо да маркум тизмеден өчүрүлгөн эмес. Каарманыбыз мындан улам Теңдик айылынын жана Кочкор районунун шайлоо комиссиясына кайрылып, ынандырарлык жооп ала албай койгон.

«Мен шайлоо учурунда райондук комиссияга кайрылгам. Жазуу түрүндө кайрылуу жөнөтөйүн десем, «Биз жазуу түрүндө кабыл албайбыз. Эми ушундай боло берет, кээде катачылык кетип калат», — деп жооп беришти. Теңдиктин шайлоо комиссиясынан эч ким жооп берген жок. Менин балам 2016-жылы 31-октябрда каза болгон. 5 жылга кетип баратат, эмнеге дагы эле тизмеде турат? Баламдын кара кагазы бар. Документтерин каттоодон чыгарткам». 

Бул маселе боюнча Мамлекеттик каттоо кызматына кайрылганыбызда, мекеменин уюштуруу жана коммуникация бөлүмүнүн башчысы Дамира Азимбаева жооп берди. Анын айтымында, каза тапкан жаранды каттоодон чыгартууда маркумдун жакындары медициналык маалымкаты, соттун чечими же болбосо атайын органдардын берген документинин негизинде иш алып бардырса, анда маркумдун идентификациялык номуру көрсөтүлбөйт. Мындан улам мамлекеттик каттоо кызматынын системасынан гана өчүрүлүп, башка системаларда ошол бойдон кала берет.

«Бул жигит боюнча системада каттоо жеке идентификациялык номуру көрсөтүлбөстөн жүргүзүлгөн. Албетте, мыйзам чегинде каттоо жүргүзүлгөн. Бирок биздин системанын түзүлүшү боюнча, бул баланын каттоосу системага түшүрүлгөн. Бирок башка системалар менен байланыш ушул жерден үзүлүп, ошол шайлоочулар тизмеси үчүн берилип жаткан маалымат булактарында ал боюнча маалымат актуалдуу катары калыптанып кала берген. Ошого байланыштуу бул жарандын башка системадагы маалыматы системаларда жокко чыгарылбастан дагы эле көрүнөт. Ошондуктан бул жигит шайлоочулардын тизмесинде кала берди», — деди Азимбаева.

Шайлоочулардын тизмесин квартал башчылары берерин, каза болгон адамдарды тизмеден алып салбаганына ошолор жооптуу болорун айткан юрист Таттыбүбү Эргешбаева муну түшүнбөстүккө алып келген өтө чоң катачылык катары эсептейт.

«Мамлекеттик каттоо кызматы квартал башчылары менен иш-чараларды жүргүзүшү керек. Мамлекеттик каттоо кызматынын расмий сайтында толугу менен бардык жарандар тууралуу маалымат бар. Эми ошол жерге «өлүмү тууралуу маалымат» дегенди кошуп, бир база түзүшү керек. Ал базаны шайлоодо аймактык шайлоо комиссиясына алып келердин алдында тастыктоо керек, макулдашуу процедураларын жүргүзүү керек. Мен ойлойм, бул — өтө чоң катачылык, туура эмес жумуш». 

Белгилей кетсек, каза болгондордун шайлоо тизмесинде калып калганы биринчи жолу болуп жаткан жок. Мындай көрүнүштөр буга чейин да катталып келген. Юристтин айтымында, алардын ордуна добуш берилбейт жана саналбайт. Ал эми Мамлекеттик каттоо кызматы мындай учурларды жокко чыгаруу үчүн атайын иш алып барууда.

Copyright © 2017 Maral FM