Биз менен байланышыңыз

Былтыр республика боюнча 49 миң никеге туруу катталды

Кыска кабар | 5 Мар 2020 | 793 | 0

2019-жылы республика боюнча 49 395 никеге туруу катталган. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.

Никеге туруунун көпчүлүгү Ош (11,5 миң) жана Жалал-Абад (9 миң) областарында болсо, Бишкек шаарында бул көрсөткүч 7 миңден ашык. Ал эми Нарын (1,7 миң) жана Талас(1,6 миң) областарында никени каттоо аз жүргүзүлгөн.

2019-жылы 10995 үй-бүлө ажырашуусу катталса, 2018-жылы 10434 ажырашуу катталган.

Бул рейтингдин алдыңкысы Ош областы – эки миңден ашык ажырашуу катталган, экинчи орунда ошондой эле эки миңден ашык ажырашуу менен Бишкек шаары турат. Чүй областында 1951 ажырашуу катталган.

Ажырашуунун саны 500дөн ашык катталбаган аймактардын катарында Ош шаары, Нарын жана Талас областары. Ысык-Көл жана Баткен областарында 900гө жакын ажырашуулар катталган .

Copyright © 2017 Maral FM