Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда бир жылда 11 миңдей ажырашуу катталды (статистика)

Кыска кабар | 18 Июн 2020 | 1229 | 1

2019-жылы атайын каттоочу органдарда 49,4 миң жуптун никеси катталган. Мындай маалыматты Улуттук статисткалык комитет жазган.

Бул көрсөткүч 2015-жылга салыштырмалуу 11 пайызга төмөндөгөн.

Биринчи жолу никеге тургандардын үлүшү эркектер арасында 90 пайызды түздү, аялдар арасында 94 пайыздан жогору болгон.

Никелердин эң көп саны аялдардын арасында да, эркектер арасында да (ЖААК органдарында катталган никелердин жалпы санынын 70 пайызга жакыны) 20-29 жашта катталат.

Маалыматка ылайык, эң көп никеге туруу түштүк тарапта катталган.

Эми ажырашуулар тууралуу сөз кылсак:

Тилекке каршы, бардык эле түзүлгөн жубайлык биримдиктер бекем сакталбайт. Статистикага ылайык, алардын дээрлик ар бир бешинчиси ажырашышат: айыл жеринде 1000 никеге 154 ажырашуулар туура келсе, шаар жеринде дээрлик 2 эсеге жогору.

2019-жылы Республикада 11 миңге жакын ажырашуу катталган. Ажырашуулардын үчтөн бири, 5 жылдан кем эмес никеде турган жубайларга туура келет. Ажырашуулардын натыйжасында 13,3 миң бала ата-энесинин бирөөсү жок калган.

Төмөнкү таблицадан никеге тургандар азайып, ажырашкандардын саны өсүп жатканын байкоого болот:

жылдар Никеге тургандар ажырашкандар
2015 52 043 8 588
2016 47 837 9 102
2017 43 350 9 588
2018 49 579 10 434
2019 49 431 10 992

1 пикир

1 пикир

  1. Гуя атым

    19.06.2020 01:39

    Оа туура ажырашкандан оло коп менда ажырашкам 20 жашап ажыраштым акыры чыдабай калгандан Айла жок екен

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM