2020-жылдын январь-февраль айларында республикада 1786 түгөй ажырашууга арыз берген. Мындай маалыматты Улуттук статистика комитети билдирди.
Аймактар боюнча көрсөткүч:
- Бишкек шаары— 353;
- Ош облусу — 315;
- Чүй облусу — 290;
- Жалал-Абад облусу — 279;
- Ысык-Көл облусу — 154;
- Баткен облусу — 128;
- Нарын облусу — 99;
- Талас облусу — 85;
- Ош шаары — 83.
Буга чейин, Улуттук статистикалык комитети изилдөөлөргө таянып, ажырашуу мүмкүн болгон кооптуу кез никенин 5-9-жылдары болуп саналарын айтышкан.
Кошумчалай кетсек, 2019-жылы республика боюнча 49 395 никеге туруу катталган.