Биз менен байланышыңыз

«Унаа» ишканасынын айрым бөлүмдөрүнүн иши кайрадан жанданат

Кыска кабар | 1 Авг 2020 | 494 | 0

3-августтан тарта «Унаа» мамлекеттик ишканасынын бир нече бөлүмдөрүнүн иши кайрадан жанданат. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Алар:

— Сокулук-Москва;

— Чүй-Кемин;

— Аламүдүн;

— Ысык-Ата;

— Балыкчы;

— Каракол;

— Талас аймактык бөлүмү;

— Лебединовка айылында жайгашкан Бишкек шаардык бөлүмү;

— Кызыл-Кыя шаарында жайгашкан Баткен аймактык бөлүмү;

— Баткен шаарында жайгашкан бөлүмү.

Бул бөлүмдөр өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу карантинге жабылган болчу. Мамлекеттик каттоо кызматы социалдык аралыкты сактап, бет кап тагынууну сунуштайт.

Copyright © 2017 Maral FM