Биз менен байланышыңыз

Бабановдун адвокаты Бишкек шаардык сотуна аппеляциялык арыз менен кайрылды (аудио)

Кыска кабар | 8 Июн 2021 | 589 | 0

«Кумтөр» иши боюнча кармалган мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабановдун адвокаты Амантур Абдрахманов билдирүү таратты. Анда Бабановго карата келирилген дооматтар негизсиз, далилсиз экени айтылып, Бишкек шаардык сотуна аппеляциялык арыз менен кайрылганы маалымдалат.

«Шектүү катары билдирген билдирүүдө келтирилген дооматтар негизсиз болуп жатат, бир гана божомолдор болуп жатат. Орусча айтканда: «догадки предположение». «Бул жакка барып мындай сөз айткан, тигилерди сүйлөшүп койгон, анан мамлекетке каршы мындай чечим чыгарган» деген божомолдор гана жазылып жатат. Ошол сот отурумунда негизи мыйзам талабы боюнча прокурор ошол шекти, койгон айыптарын негиздеши керек болчу. Бирок ошону алар негиздей алышкан жок, тескерисинче, биз ошол сот отурумунда Бабановдун кылган кыймыл-аракети, Жогорку Кеңеште сүйлөгөн сөзү, «Кумтөр» кенине барып айткан сөздөрү боюнча, мамлекетке «Кумтөрдөн» 16 миң 300 гектар жерди кайтарып бергени боюнча тиешелүү далилдүү докменттерди көрсөтсөк, биринчи инстанциянын тергөө судьясы кабыл алган жок. Биз ошол эле дооматтарды келтирип Бишкек шаардык сотуна аппеляциялык арыз жазып, анда бүт баарын көрсөттүк».

Ошондой эле ал негизсиз камалаганы боюнча бир канча далилдер бар экендигин белгилеп, камакка алганда да Жазык-процессуалдык кодексте көрсөтүлгөн камакка алуу боюнча процедурасы бузулганын кошумчалады.

Эскерте кетсек, Бабанов «Кумтөр» иши боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренесинин 2-бөлүмү («Коррупция») боюнча камакка алынган.

Copyright © 2017 Maral FM