Биз менен байланышыңыз

Аскар Акаев Москвага учуп кеткени айтылууда

Кыска кабар | 20 Дек 2021 | 750 | 0

Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаев Москвага учуп кетти. Бул тууралуу анын жакындары тастыкташты.

Акаев «Кумтөр» иши боюнча көрсөтмө берип, анын катышуусунда бардык тергөө иштери аяктаганы кабарланды.

24.kg агенттиги коомдук ишмер Бекболот Талгарбековго таянып, Акаевге коюлган бардык айыптар алып салынганын жазды.

«Мурдагы мамлекет башчыдан бардык айыптар алып салынды. Акаевге козголгон иште кылмыш жок болгондуктан токтотулган. Тергөөдө анын өзү да, жакындары да «Кумтөр» долбоорунан акча алышпаганы аныкталган. Ал үчүн мекенине жол ачык, каалаган убакта келе алат. Бул сапарда Аскар Акаевди уулу Илим коштоп жүрдү», — деп билдирген ал.

Аскар Акаев Бишкекке 14-декабрда учуп келген. Ал экинчи жолу «Кумтөр» иши боюнча сурак берди. Буга чейин август айында келип кеткен.

Аскар Акаев Орусиянын абройлуу сыйлыгын алды

Copyright © 2017 Maral FM