Биз менен байланышыңыз

Аскар Акаев Орусиянын абройлуу сыйлыгын алды

Дүйнө , Кыска кабар | 19 Дек 2021 | 1479 | 0

Академик Аскар Акаевге илимге сиңирген эмгеги үчүн Орусиянын I даражадагы Ломоносов сыйлыгы берилди. Мындай чечимди Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университети бир добуштан кабыл алган.

Сыйлык ыйгарууда академик Аскар Акаевдин илимдеги кванттык электроника, оптикалык маалымат менен иштөө, эсептөө теориясы, макроэкономика тармактары боюнча бирден-бир кадыр-барктуу адис экени эске алынган.

Маалыматта айтылгандай, Аскар Акаев 150дөн ашуун илимий эмгектин, 7 ойлоп табуунун, 20 илимий китептин автору. Андан тышкары Орусия илимдер академиясынын, Нью-Йорк илимдер академиясынын, Ислам илимдер академиясынын дагы башка ушул сыяктуу атактуу илимий мекемелердин мүчөсү, бир нече эл аралык окуу жайдын ардактуу профессору.

Аскар Акаев 1990-2005-жылдары Кыргызстандын президенти болгон. 2005-жылдын 24-мартындагы төңкөрүштөн кийин Орусия мамлекетине чыгып кеткен.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM