Биз менен байланышыңыз

Бүгүн депутаттардын көчмө жыйыны «Кумтөр» кенинде өтөт

Кыска кабар | 18 Апр 2022 | 365 | 0

Бүгүн, 18-апрелде Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинин көчмө жыйыны Ысык-Көл облусундагы «Кумтөр» алтын кенинде өтөт.

Депутаттар кендин учурдагы абалы менен таанышмакчы.

Көчмө жыйында жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманова, «Улуу көчмөндөрдүн мурасы» улуттук холдинг компаниянын төрагасы Тенгиз Бөлтүрүк баяндама жасайт.

Жыйын эртең, 19-апрелде да уланат.

Copyright © 2017 Maral FM