Биз менен байланышыңыз

Асылбек Жээнбековдун баш коргоо чарасы өзгөртүлгөн жок

Кыска кабар | 11 Авг 2021 | 579 | 0

Бүгүн, 11-августта Бишкек шаардык соту Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек Жээнбековдун баш коргоо чарасын карап, Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарган чечимди күчүндө калтырды. Ал 30-сентябрга чейин УКМКнын тергөө абагында калат.

Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек Жээнбеков ушул жылдын 31-майында «Кумтөр» ишине байланыштуу эки айга камакка алынган.

Аны менен кошо депутат Төрөбай Зулпукаров, экс-депутаттар Исхак Пирматов, Талант Узакбаев, мурунку премьер-министр Өмүрбек Бабанов камалган. Исхак Пирматов үй камагына чыгарылган. Ал эми мурунку премьер-министр Өмүрбек Бабановдун баш коргоо чарасын өзгөртүлүп, чет жерге дарылануусуна уруксат берилген.

Copyright © 2017 Maral FM