Биз менен байланышыңыз

«Кумтөр» керектүү каражаттар менен өз убагында камсыздалып жатат

Кыска кабар | 13 Авг 2021 | 565 | 0

«Кумтөрдү» керектүү каражаттар менен камсыздоо иши өз убагында жүрүүдө жана толук көлөмдө ишке ашырылууда. Бул тууралуу аталган ишканадан билдиришти.

Буга чейин айрым ЖМКлар чет элдик жабдуучу компаниялардын жарымы өз милдеттерин аткаруудан баш тартышканын жазып чыгышкан.

Ишканага керектүү жабдууларды жана кошумча бөлүктөрдү жеткирүүнү токтото туруу боюнча бир жактуу чечим кабыл алышканы айтылган.

Мындай чечим чет элдик компаниялар CENTERRA GOLD INC. тарабынан демилгеленген. Кенди банкрот деп жарыялоо тууралуу жараянга тынчсызданып жатканы менен байланыштырышкан. Бул иш боюнча соттук процесс АКШда өтүүдө. Көп учурда чет элдик ЖМК тарабынан бир жактуу чагылдырылууда.

Бардык кыйынчылыктарга карабастан, жабдыктарды жеткирүү маселеси тез арада жөнгө салынды. «Кумтөр» компаниясынын убактылуу сырткы башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүктүн айтымында, жеткирүү компаниялары менен сүйлөшүүлөр болуп, компаниянын иши үзгүлтүккө учураган жок. Компания мурдагыдай иш алып барууда. Учурда техникалык жабдыктар жетиштүү.

«Бир жарым ай иштеп, бизде пайда да, киреше да бар. Буюрса, эми «Кумтөр» токтобой калды», — деди Тенгиз Бөлтүрүк.

Copyright © 2017 Maral FM