Биз менен байланышыңыз

Асылбек Жээнбеков: Эч качан мыйзамсыз иштерди жасаган эмесмин

Кыска кабар | 26 Июн 2021 | 1245 | 0

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети тарабынан «Кумтөр» ишине байланыштуу козголгон кылмыш иши боюнча шектелип камакка алынган Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек Жээнбеков билдирүү таратты.

Фейсбук баракчасына жарыяланган билдирүүсүндө ага байланыштуу жүрүп жаткан иштерди саясий күрөш деп эсептей тургандыгын жана мыйзамсыздык үстөмдүк кылып, өлкөнүн Конституциясы, мыйзамдары бузулуп жатканын жазган.

— «Үч жолку чакырылышта парламентке депутат, эки ирет Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайландым. Инсан катары да, депутат катары да, парламенттин төрагасы катары да эч качан мыйзамсыз иштерди жасаган эмесмин. “Кумтөр” иши боюнча менин таза экенимди ошол кезде кабыл алынган документтер өзү эле айтып турат. Убактылуу депутаттык комиссия даярдаган токтомду төрага катары мен кол койгон парламенттин чечимдери менен салыштырып, окуп көргөн адам өзү баарын түшүнүп алат. Баарыбыздын кылганыбызды Кудай Өзү таразалап коет«, — деп жазат эл өкүлү.

Ошондой эле ал өлкөдө социалдык-экономикалык абал оор болуп, эпидемиологиялык кырдаал кайрадан курчуп жаткан учурда өлкөгө ынтымак, биримдик керектигин билдирген.

Мындан сырткары ал ага артылып жаткан доомат, аны адилеттик, абийир үчүн күрөшкө түртө тургандыгын кошумчалаган.

Эске салсак, ушул жылдын 31-майында Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек Жээнбеков Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети тарабынан кармалган.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет «Кумтөргө» байланыштуу 4 кылмыш ишин тергеп жатат. Анын алкагында Жогорку Кеңештин депутаттары Асылбек Жээнбеков, Төрөбай Зулпукаров мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабанов, экс-депутаттар Исхак Пирматов жана Талантбек Узакбаевдер 2 айга камалган.

1-июнда Жогорку Кеңештин мурдагы спикери, азыркы депутат Дастанбек Жумабеков, дагы бир эл өкүлү Максат Сабиров УКМКга сурак берип чыгышкан. Дагы бир мурдагы өкмөт башчы Игорь Чудинов да күбө катары көрсөтмө берген.

Copyright © 2017 Maral FM