Биз менен байланышыңыз

Атазов кен иштеткен компаниялардын келишимин кайрадан карап чыгууга чакырды

Кыска кабар | 10 Июн 2021 | 373 | 0

Бүгүн, 10-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Шайлообек Атазов жер байлыгы эл байлыгы экенин белгилеп, кен иштеткен компаниялар менен түзүлгөн келишимдерди кайрадан карап чыгууга чакырды.

Анын айтымында, «Кумтөр» боюнча түзүлгөн комиссия өзүнүн ишмердигин көрсөтүп жатат. Бирок андан кем калбаган Ала-Бука, Чаткал, Чоң- Алай, Кадамжай аймактарында көптөгөн кен жайлары иштеп жатат. Алар эч көзөмөлдөнгөн жок.

«Ал жерлерде жүздөгөн лицензиялар берилип, жүздөгөн кен жайлары иштеп жатат. Алар кимдер? Мамлекетке кандай пайда келтирип жатышат? Эгерде биз ар бир кенди мамлекеттин пайдасына иштетсек, ар бир кыргызстандык бакубат жашоого жетишет. Ала-Бука, Чаткал, Чоң- Алай кендеринин ээлери бүгүн чет өлкөлөрдө отурушат. Бул жердегилер жөн гана аткаруучу директорлору, алар менен иш алып барган менен эч нерсени чечишпейт. Ошондуктан Министрлер кабинетине сунушум: кендердин чыныгы кожоюндарын чакырып, келишимдерди кайрадан карап чыгуу керек. Себеби, биздин бюджетке канча пайда келтирип жатканы боюнча маалымат жок» , — деди Атазов.

Ошондой эле ал Өкмөттүн кендер кантип иштеп, казынага канча акча түшүп жатканы боюнча элге эсеп бериши керектигин кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM