Биз менен байланышыңыз

Алимбековдун штабы: Атазов жалган каралап, курулай кыйкырып жатат

Кыска кабар | 8 Дек 2021 | 701 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов актуалдуу убакта жогорку трибунаны элдин кызыкчылыгына эмес, жеке өзүнүн кызыкчылыгына пайдаланып жатат. Мындай пикирин Жогорку Кенештин депутаты Нурбек Алимбековдун шайлоо штабынын башчысы Нурлан Орозбаев билдирди.

Нурлан Орозбаевдин айтымында, Нурбек Алимбеков эч кандай мыйзам бузган эмес.

«Биздин Ош шаардык прокуратурасында эч кандай таанышыбыз болгон эмес, жок. Ал жердеги маселенин өзү кылмыш ишине жатпаган нерсе. Акча берип жаткан видеодогу адам — биздин мыйзамдуу үгүтчүбүз. Ал кызмат акысын банктык карточкадан чыгарып, жардамчы үгүтчүлөргө берип жаткан учуру гана тартылган. Ал жерде мыйзам бузуу болгон эмес. Түшүнүк каттар аркылуу төргөө жүргөндөн кийин ишти кыскартабы же сотко береби? Бул мыйзам чегинде кыскартылган иш болду», — деди Орозбаев.

Ал ошондой эле Шайлообек Атазовду жалган каралоого айыптады.

«Бул деген өзүнүн айлында уюштурулган бир окуя боюнча, чемодандап акча сатып алуу боюнча сөз кылып жатат. Бул деген — калп. Ал жерде акча таркатуу боюнча далил жок. Өзүндө да далил жок. Өзүндө далил болгондо бир канча жерге кайрылмак тургай, бүт дүйнөгө жаймак. Жалган каралоо, курулай кыйкырык менен элдин трубунасын өзүнүн кызыкчылыгы үчүн пайдаланып жатат» , — деп кошумчалады ал.

Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов Төлөйкөн шайлоо округунан талапкер болгон депутат Нурбек Алимбеков тарабынан бир нече мыйзам бузуу фактылары катталганын айтып, бирок чара көрүлбөй жатканын сындап, президентке кайрылган.

Шайлообек Атазов: Мага мандат элдин үнүн угузуу үчүн керек

Copyright © 2017 Maral FM