Биз менен байланышыңыз

Бокс: Азат Үсөналиев Азиянын лицензиялык мелдешинин 1/8 баскычына чыкты

Кыска кабар , Спорт | 4 Мар 2020 | 588 | 0

Мушкер Азат Үсөналиев бокс боюнча Азиянын лицензиялык мелдешиндеги алгачкы беттешин жеңди. 52 кило салмакта күч сынашкан мушкерибиз мелдештин квалификациялык этабында япониялык Риомей Танаканы утуп алды.

Бул тууралуу “Маралга” бокс боюнча Кыргызстан улуттук курамасынын машыктыруучулар кеңешинин мүчөсү Шайлообек Атазов жеринен билдирди.

Азат үч раунддук беттештин биринчи бөлүгүндө 3:2 эсебинде утулганы менен экинчи жана үчүнчү бөлүктү таза артыкчылык менен утуп, кийинки баскычка чыкты.

Азат эми 7-мартта жарым чейрек финалда казак мушкери Сакен Бибоссинов менен таймашат.

Дагы бир мушкерибиз Нурсултан Маматалы да бүгүн 1/16 финалдан тарта күч сынашат. 69 кг салмактагы боксчулар менен мөөрөй талаша турган Нурсултан тажикстандык Шерали Мамадалиев менен кез келет. Кечки бөлүктүн беттештери Бишкек убактысы боюнча саат 21:00дө башталат.

Бокс боюнча Токио-2020 Олимпиадасына лицензия берилүүчү Азия океания мелдеши ушул күндөрү Иорданиянын Амман шаарында өтүп жатат. Анда 35 мамлекеттен келген мушкерлер күч сынашууда.

Copyright © 2017 Maral FM