Биз менен байланышыңыз

Бокс боюнча курама команда Азия чемпионатында 4 коло медаль жеңди

Кыска кабар , Спорт | 31 мая 2021 | 1203 | 0

Бокс боюнча курама команда Азия чемпионатында 4 коло медаль жеңди. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин маалмат кызматы билдирди.

Бокс боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасынын мүчөлөрү 21-майда старт алган Азия чемпионатында 4 коло медаль жеңишти.

Алар:

  • Азат Усеналиев (52 кг салмактык категорияда);
  • Акылбек Эсенбек уулу (57 кг);
  • Эркин Адылбек уулу ( 81 кг);
  • Рустам Ырысбек уулу (91 кг).

Белгилей кетсек, чемпионат Дубай шаарында (БАЭ) өтүп, 1-июнда жыйынтыкталат.

Copyright © 2017 Maral FM