Биз менен байланышыңыз

«Бийлик футболду өнүктүрүү боюнча берген убадасын аткарган жок»

Кыска кабар , Спорт | 10 Дек 2020 | 1095 | 0

Футбол дүйнөдө саат эмес, мүнөт сайын өсүп жатканы талашсыз, мына ошол өнүгүү агымында Кыргызстан футболу да бар. Акыркы жылдардагы Кыргызстан курама командасынын эл аралык аренадагы орду ага далил экенин адистер айтышат. Ошол эле учурда футболчулардын деңгээли, футболго мамлекеттик колдоо жагында көйгөйлөр да жок эмес.

Бүгүн, 10-декабрь — Эл аралык футбол күнү. Аталган дата Бириккен Улуттар Уюмунун чечими менен бекитилген. Азырынча расмий макамга ээ боло элек бул майрамда дүйнөнүн бир катар мамлекеттеринде ири же кичи масштабдагы футболдук иш-чаралар өткөрүлөт. Кыргызстанда бул күнү футбол конгресси уюштурулду.

Кыргыз кичи футболунун негиздөөчүсү Медет Букуевдин айтымында, футбол спорту биринчи орунда деп айтылып келинет, бирок мамлекет тарабынан убадаланган жардам берилбейт. Ал бул маселеге жалпы коомчулукту көңүл бурууга чакырды.

«Азия чемпионатынан келгенден кийин мурунку ажобуз баш болуп: «Эми түздөн түз көмөк көрсөтүп, футболду колго алабыз», — деди эле. Бирок бүгүнкү күндө көрүп жатасыздар, бийлик алмашты. Баягы айтылгандын баары элдин үмүтү болуп кала берди. Бул жерде сөзсүз коомчулук, журналисттер, ушул маселелерди көтөрүп, бийликтин көңүлүн бурбасак, сөз бойдон эле тура берет. Эгерде алдыга жылабыз десек, муну чоң саясат кылып карашыбыз керек, ошондо гана футбол алдыга жылат. Мисалга алсак, биздин коңшу Өзбекстанда бул тармак атайын Өкмөттүн жобосу менен иш алып барып, президенттин жеке көзөмөлүндө. Азыр өнүгүү жолунда деп айтсак аша чапкандык болуп калат, туура жолдо десек болот».

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын жана «Дордой» клубунун чабуулчусу, белгилүү футболчу Мирлан Мурзаев кыргыз футболунун абалы азыркы учурда оңолуп келе жатат деп эсептейт. Ал бул тармакка салым кошуу үчүн жакында эле футбол академиясын ачкан. Мирлан келечектеги кыргыз футболчуларын дүйнөлүк аренага чыгарууга ниеттенүүдө.

«Негизи, бул жыл бизге кыйын болуп калды. Бизде эле эмес, дүйнө жүзүндө абал ушундай. Карантин убагы болуп, эч ким футбол ойной албай, көрүүчүлөр жок болду. Кыргыз футболу акырындан өсүп келе жатат».

Кыргыз Республикасынын футбол федерациясы 1992-жылы түзүлүп, 1994-жылы Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) жана Азия футбол конфедерациясынын (АФК) толук кандуу мүчөсү болгон.

Спорт журналисти Табылды Асыгалиевдин пикиринде, кыргыз футболунун абалы жакшы эмес. Эгемендик алгандан бери алгылыктуу көрсөткүчкө ээ болгон жок. Ал мындан тышкары Кыргызстандагы футбол клубдарынын абалы менен улуттук кураманын деңгээлин салыштырып берди.

«Биздеги өлкө чемпионаттарында алты эле команда ойноп жатпайбы. Ал клубдарды да футбол ышкыбоздору гана негиздеп, колдоого алышууда. Бирок абалы чеке жылытпайт. Негизи, өлкөнүн чемпионатында күчтүү командалар болсо, курама команда да күчтүү болмок. Анткен менен кийинки жылдары курама командабыз эл аралык аренада жакшы оюн көрсөтүп келе жатат».

Футболдун тарыхына кайрылсак, алгачкы жолу Кытай булактарында биздин заманга чейинки II миң жылдыкта эскерилген. Анда футбол «Цу Чю» деп аталып, ал «бут менен түртүү» дегенди түшүндүргөн. Бул оюн аркылуу кытай аскерлери дайыма чымыр денелүү болууга умтулушкан.

Англичандар бул топ оюнун «Бут менен гана ойнолуучу оюн» деп аташкан. 1863-жылы октябрда Лондон шаарында бул оюнга ышкыбоздордун бирикмеси түзүлгөн. Азыркы футболдун тарыхы ушундайча башталган.

Copyright © 2017 Maral FM