Биз менен байланышыңыз

Бокс боюнча курама Сербиядагы эл аралык мелдеште 3 медаль жеңди

Кыска кабар , Спорт | 28 Апр 2021 | 2221 | 0

Кыргызстандык спортчулар 22-27-апрель күндөрү Сербиянын Белград шаарында өткөн бокс боюнча эл аралык «Belgrade Winner» мелдешинде 3 медаль алды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин маалымат кызматы билдирди.

Азат Усеналиев 52 кг салмактык категорияда жана Акылбек Эсенбек уулу 57 кг салмактык категорияда күмүш медаль тагынышты, ал эми Өмүрбек Бекжигит уулу 75 кг салмактык категорияда 3-орунду ээледи.

Белгилей кетсек, курама команда улук машыктыруучу Жылдызбек Ниязалиевдин жетекчилиги алдында Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан иш сапарга жөнөтүлдү.

Copyright © 2017 Maral FM