Биз менен байланышыңыз

Сербия менен Черногориянын жарандары Евробиримдикке кире албайт

Дүйнө , Кыска кабар | 17 Июл 2020 | 530 | 0

Сербиянын жана Черногориянын жарандары мындан ары Евробиримдикке кире алышпайт. Бул аталган өлкөлөрдө коронавирустук инфекциялардын көбөйүшүнө байланыштуу.

ЕБ Кеңеши билдиргендей, мындан ары 12 өлкө — Алжир, Австралия, Канада, Грузия, Япония, Марокко, Жаңы Зеландия, Руанда, Түштүк Корея, Таиланд, Тунис жана Уругвай ЕБге кире алышат.

Брюссель эки жуманын ичинде коопсуз өлкөлөрдүн тизмесин жаңыртат.

Июль айынын башында Евробиримдик 14 өлкөнүн жарандарына ЕБге кирүүгө уруксат берген.

Copyright © 2017 Maral FM