Биз менен байланышыңыз

Сербия сүйүктүү саясатчысы Путинди тосууда

Дүйнө , Кыска кабар | 17 Янв 2019 | 690 | 0

Бүгүн, 17-январда Орусиянын президенти Владимир Путин расмий иш сапары менен Сербияга барат. Бул тууралуу орусиялык басылмалар кабарлашкан.

Путин сербдердин эң сүйүктүү саясатчысы. Бул эл аралык уюмдардын сурамжылоосу жана жергиликтүү басылмалардын иликтөөсү менен да узак жылдардан бери далилденип келет. Сербияда Путиндин атында кыштак, көчө, кафе жана клуб сыяктуу көптөгөн объекттер бар.

Мунун башкы себеби-Путин Сербияны эл аралык аренада ар дайым колдоп келет. Косовонун Сербиядан бөлүнүп, эгемендүүлүгун жарыялашына каршы болуп, Сербиянын бүтүндүгүн БУУнун трибунасынан талап кылган.

«Улуу дос, кош келдиң?» деген жазуусу бар плакаттар өлкөнүн айыл-кыштактарынан бери асылганын көрүүгө болот.

Эске салсак, Сербиянын курамындагы Косово 2008-жылы бөлүнүп, өз алдынчалыгын жарыялаган. 95% калкы мусулмандар түзгөн Косовонун мамлекеттүүлүгүн БУУнун мүчө өлкөлөрүнүн дээрлик жарымы кабыл алган менен серб бийлиги кээ бир өлкөлөрдү баш тартууга чакырып, аракет кылууда. Мындай саясатына Евробиримдик эскертүү берип, тыюу салды.

Copyright © 2017 Maral FM