Биз менен байланышыңыз

Темирбек Нурматов: Кыргызстандын эгемендиги кагаз жүзүндө калып келет

Кыска кабар , Пикирлер | 25 мая 2021 | 577 | 0

Чыныгы көз карандысыз мамлекет болуу үчүн Кыргызстан өз алдынча жүргүзгөн ички-тышкы саясатын бекемдеши керек.  Мындай пикирин Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясынын доценти Темирбек Нурматов «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстан быйыл эгемендик алганынын 30 жылдыгын белгилөө алдында турат. Тилекке каршы, бул убакыт аралыгында бул сөз кагаз жүзүндө гана калып, айрым күчтүү мамлекеттер бизге үстөмдүк кылып келген учурлар болгон.

«Эгер биз өзүбүздү экономикалык жактан көз карандысыз кылып, айыл чарбаны, өндүрүштү өнүктүрсөк, чыныгы көз карандысыз мамлекетке айлана алабыз. Бардык нерсе ушуга келип такалат. Быйыл Эгемендүүлүктүн 30 жылдык датасы белгиленгени турат. Буга чейин дүйнө жүзүнө формалдуу, кагаз жүзүндөгү эгемендүүлүктү даңазалап келсек, мындан аркы кадамдарыбыз чыныгы эгемендикке, чыныгы көз карандысыздыкка багыт алуу болушу керек. Орусия болобу, башка мамлекеттер болобу, биздин ички саясатыбызга кийлигишпеши үчүн биз кандай болгон күндө да, экономикалык-социалдык маселелерди биринчи багытта чечип алуу маселеси турат. Ошондо гана башка мамлекеттер бизге үстөмдүк кылбай калат. Тилекке каршы, мындай учурлар болуп келген. Ага жол бербөө үчүн болгон күч-аракетти жумшоо керек, бардык тараптан илим-билим, техника жагынан өнүгүшүбүз керек. Экономикалык тармактарды өнүктүрсөк, жарандарыбыздын иши болуп, өздөрүн өздөрү камсыздай алса, бул маселелер өзүнөн өзү чечиле берет», — дейт ал.

Copyright © 2017 Maral FM