Биз менен байланышыңыз

Луганск жаңы президенттүү болду

Без рубрики , Дүйнө | 21 Ноя 2018 | 628 | 0

Луганск Элдик Республикасы (ЛЭР) 11-ноябрда Леонид Пасечникти жаңы президент кылып шайлап, ал бүгүн президенттик кызматка киришти. 2014-жылга чейин Украинанын курамында болуп, 14-жылдан кийин өзүн-өзү эгемендүү республика деп тааныган ЛЭР Орусияга ыктайт. Муну Пасечник да тастыктады.

«Бүгүн Донбасстагы эки анжы абал толук өттү деп ишенимдүү айта алам. Биз бүгүн силер менен республикабыздын жаңы өнүгүү жолун жана бул жолдо бизге арка-бел болчу өнөктөштөрүбүздү тандап алдык. Биз Орусия менен интеграцияланган өнүгүү жолун тандадык. Себеби ансыз бул күндөргө жете алмак эмеспиз»,-деди ал.

Ошондой эле бул күнгө жетүү донбасстыктар үчүн жеңил болбогонун, акыркы беш жыл ичинде мүмкүн болгон бардык басым, санкция, каршылык жана блокадаларга кабылып, жакындарын жоготуп, жаркын келечекке ишеним кеткен учурларды башынан өткөргөнүн кошумчалады. Мындан ары бардыгы, бийлик алмашуу да эл аралык стандартка ылайык элдин тандоосу менен мыйзамдын негизинде гана болоруна ишендирди.

11-ноябрда өткөн президенттик шайлоого төрт талапкер ат салышып, Леонид Пасечник 68% менен жеңишке жетишти. Бирок бул шайлоону Украина тааныбасын билдирди. Ошондой эле Евробиримдик жана АКШ да кабыл алган жок. Орусия болсо бул кадам Минск келишимине каршы келбесин билдирди.

Кошумчаласак, 2014-жылы өз эгемендигин жарыялагандан бери Украина жана башка коңшу аймактар менен бир катар куралдуу кагылышууларды жана саясий башаламандыктарды башынан өткөргөн ЛЭРди азырынча Түндүк Осетия гана расмий тааныган. ЛЭР жалпы 1,5 миллионго чукул калкы бар аймакты өз территориясы деп жарыялаган. Бирок Киев бул чек аранын Украинанын бөлүнгүс аймагы экенин белгилеп келет. Орус рублин расмий валюта катары кабыл алган ЛЭР 4-5 гана шаардан турат.

Copyright © 2017 Maral FM