Биз менен байланышыңыз

Төлбаев: Шайлоого бизнесмен эмес, лидер катары катыштым

Кыска кабар , Пикирлер | 13 Янв 2021 | 1082 | 0

Президенттикке талапкер Бабыржан Төлбаев мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоого ишкер катары эмес, лидер катары катышканын «Маралга» берген маегинде билдирди.

Ал шайлоодо 2-орун алууну максат кылган, ал эми алдыңкы үчтүктү камсыз кыларына ишенген.

«Мен көптөр ойлогондой ишкер эмесмин, мен лидер, коомдук ишмермин. Анткени ишкерлердей өзүм үчүн каражат таппайм. Компанияга бир сом акча короткон жокмун, чет өлкөдөн 100 млн долларлык инвестиция тарттым. Бул — өлкөнүн тарыхындагы каржы секторуна биринчи тартылган жеке инвестиция. Ошондуктан мен эффективдүү жетекчимин», — дейт Төлбаев.

Ал саясаттан сырткары да коомго көп жардам берүүгө аракет кылып жатканын айтып, алдыда бул иштерди улантарын билдирди.

Буга кошумча башка шайлоолорго салыштырмалуу президенттик шайлоодо адмнистративдик ресурс аз колдонулганын белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM