Connect with us

Жапаров: Досторум, шоопурларым эмес, өзүм башкарам

Кыска кабар , Шайлоо-2021 | 10 Янв 2021 | 1485 | 0

Президенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыгында жеңүүчү аталган талапкер Садыр Жапаров маалымат жыйында атаандаштары тууралуу сөз кылды. Анда ал саясий оппоненттерине эч кандай кек сактабай турганын айтты.

— Атаандаштарыма айтарым, менде кек сактоо, өч алуу деген жок. Баарын өлкөнү өнүктүрүүдө кол кабыш кылууга чакырам.

Бирок айрым талапкерлер сурактан качуу үчүн шайлоого катышкан. Мыйзам алдында баары бирдей болушу керектигин эскертти.

Жапаров сөз болуп жаткан Башмыйзамга киргизилчү реформа тууралуу да кеп кылды. Жаңы Конституция кабыл алынганга чейин азыркысы иштеп турарын белгиледи.

— Жаңы Башмыйзамга ылайык, бардык бийликтин структурасы реформаланат. Бирок, Жогорку Кеңеш менен президенттин ортосунда тең салмактуулук сакталат. Бул өзгөрүүлөр 2 ай ичинде жасалат. Ал эми парламенттик шайлоо 1-июнга чейин өтөт.

Ал буга чейинки президенттердин тагдырынан сабак алгандыгын айтып, досторуна, шопурларына бийликти бербей, өзү башкара тургандыгын белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM