Биз менен байланышыңыз

Жапаров: Шайлоодон кийин абалды туруксуздаштыргысы келгендер бар

Кыска кабар , Шайлоо-2021 | 10 Янв 2021 | 867 | 0

Президенттикке талапкер Садыр Жапаров шайлоодон кийин абалды туруксуздаштыргысы келген саясатчылар бар экенин айтты. Ал добуш берүүдөн соң  журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, ал күчтөр жоопко тартылуудан чочулаган саясатчылар экенин белгиледи.

— Мурдагы бийлик алар боюнча документтер болсо да, көз жумуп келген экен. Айрым талапкерлер суракка чакырылгандан коркуп, шайлоодо ат салышып жатат. Шайлоо учурунда өзүн элге күйүмдүү адам катары көрсөтүп алгысы келгендер да жок эмес. Ушулар тараптан шайлоодон кийин абалды туруксуздаштыруу боюнча аракет болот деген сөздөр болуп жатат. Мен кыргыз жаштары андайга жол бербешине ишенем.

Ал шайлоодон жеңип чыкса, эч кимге карата саясий куугунтук болбой турганын, бирок айыбы болгондордун баары мыйзам чегинде жооп берерин белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM